Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарлардын иши токтотулду
- 3 years мурун
Ыкчам медициналык-консультациялык жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн 1173 койка-орунга ылайыкташкан 16 (13 күндүзгү жана 3 түнкү) станционар ачылган. Бүгүнкү күнгө карата күндүзгү жана түнкү бардык стационарлар убактылуу жабылып турат.
Жалпысынан стационарларга медициналык жардам алуу үчүн 103 миң 644 адам кайрылды (алардын ичинен: күндүзгүгө – 94 441 адам, түнкүгө – 9 203 адам), тамчылатма дары катары 72 376 адамга капельница коюлду, 30 741 адам кеп-кеңеш алды, 513 адам ооруканага жаткырылды.
Стационарларда калкка 89 дарыгер, 128 медициналык айым, 42 санитар жана 35 ыктыярчы медициналык жардам берди.
Муну бөлүшүү