​»Кыргызстан» партиясынын документтери кайтарылды

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин кайра кайтарды.

БШКнын жумушчу тобу 25-августта ушундай чечим кабыл алды.

БШК оператору көрсөткөн видео жазууда “Кыргызстан” партиясынын катталуу убактысы 18: 03 экени көрсөтүлгөн.

Мыйзамга ылайык, 24-августта саат 18:00 гө чейин берилиш керек.

Каттоо журналында “Кыргызстан” партиясынан документтерди кабыл алууда оңдоп жазууларга жол берилген. Ошондой эле тизме боюнча да оңдоолор бар.

Каттоо журналында “Кыргызстан” партиясынын өкүлү катары Э. Абильдиева көрсөтүлгөн. Бирок ал өкүл кол коюп, документ тапшырган эмес. Документти тапшыруу жана кабыл алууда анын колу жок.

Ал эми БШК видео камерасы “Кыргызстан” партиясынын документтерин эркек киши тапшырганын көрсөттү. Документ тапшырган кишинин полномочиеси болгон эмес.

«Кыргызстан» партиясы БШКдан расмий каттоодон өтүү үчүн документтерди тапшырууда эреже бузган деген негизде чыр чыккан.

Ал эми “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев партия документтерди убагында тапшырганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты