COVID-19: 134 учуру катталды. 341 киши айыкты, бирөө каза тапты
- 4 года мурун
23-августтагы маалымат боюнча өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 134 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 33;
Ош – 3;
Чүй облусу – 12;
Ош облусу — 21;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 16;
Жалал-Абад облусу – 27;
Баткен облусу — 9.
Бул тууралуу республикалыкштаб билдирди.
COVID-19 инфекциясынан 1 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1056га жетти . (Кайра такталган расмий маалымат боюнча).
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 023 кө жетти.
341 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 36 397 ге жетти.
Муну бөлүшүү