Өмүрбек Суваналиев кыргыз бийлиги криминалга жеңилгенин айтты

  • 4 года мурун

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев кыргыз бийлиги криминалга жеңилгенин айтты. Ал күздөгү парламенттик шайлоого аттанган бир канча партиянын артында «каралар» турганын белгилеп, саясатка бел байлагандар аларга кызмат кыларын кошумчалады:

«Кыргызстандын парламентинде, бардык жерде коррупция жөнүндө айтылат. Бирок коррупциянын башында уюшкан кылмыш топтору турганын, башкарып жатканын эч ким айткан жок. Эртең, бүрсүгүнү башка чаап кетпесин дейт. Себеби, бийлик уюшкан кылмыштуу топторго жеңилип калган» деди.

Өмүрбек Суваналиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катарында парламент депутаттыгына талапкер. Ал жогорудагы пикирлерин партиянын 19-августтагы курултайында билдирди.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Саясий партиялар 20-августтан кечикпей курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин бекитип, Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты