​Жогорку окуу жайлары менен колледждерде окуу онлайн форматта болот

  • 4 года мурун

Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайларында быйылкы жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат.

Билим берүү жана илим министрлиги 18-августта билдиргендей, мындай чечим Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды. Окууда «Zoom», «Google classroom», MOODLE, «Academic Affairs», «Whatsapp», «Skype» тиркемелеринин, электрондук почтанын, Kirlibnet электрондук китепканасынын ресурстары колдонулат.

Маалыматка караганда, азыр ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучулары үчүн методикалык жана техникалык колдоо иштери уюштурулду. Министрликтин карамагында түзүлгөн Консультативдик кеңеш онлайн форматтагы окуу жараянын баалоо боюнча сунуштама иштеп чыкты. 17-августтан тартып онлайн окутууга даярдык боюнча сунуштамаларды вебинар аркылуу ЖОЖ жана коллеждердин өкүлдөрүнө тааныштырат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылы март айынан тартып онлайн форматка өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты