Дарыгерлер Ысык-Көлгө эс алууга кетишти
- 4 года мурун
COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген 202 дарыгер 17-августта Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Борбор калаа жана региондордон келген медицина тармагында эмгектенген кызматкерлердин тобу 7 күн “Алтын Жай” пансионатында эс алып, ден соолугун калыбына келтирип кайтышмакчы.
Бул иш-чара инфекция очокторунда иштеген медициналык кызматкерлер үчүн реабилитациялоо жана ден-соолугун калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды уюштуруунун алкагында өтүп жатат.
Буга чейин да дарыгерлер эс алууга жөнөтүлгөн.
Муну бөлүшүү