COVID-19: 211 учуру катталды. 2 бейтап каза тапты, 355 киши айыкты
- 4 года мурун
16-августтагы маалымат боюнча өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 211 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 46:
Ош – 14:
Чүй облусу – 19;
Ош облусу — 26;
Талас облусу – 7;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 47;
Жалал-Абад облусу – 27;
Баткен облусу — 22.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 41 856га жетти.
355 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны-34 306га жетти.
Бир сутка ичинде 2 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).
COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1495ке жетти (пневмонияны эсепке алганда).
Муну бөлүшүү