Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алууга ниеттенүүдө
- 4 года мурун
Кыргызстан быйыл суу аз болгондуктан Казакстандан 500 млн кВт/саат электр энергиясын импорттоону пландоодо. Бул тууралуу 12-августтагы селектордук жыйында Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.
Анын айтымында, муну менен күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүп кетүүгө болот.
Божомолдор боюнча 2020-жылы октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,9 млрд куб метрди түзөт. Мурдагы жылдары ушул мезгилде ал 17-19 млрд куб метрге чейин жетчү.
Улуттук эгергохолдинг авариялык өчүрүүлөрдүн санын дагы азайтууга ниеттенүүдө. Холдингдин башчысы ар бир райондук электр түйүндөрүнүн жетекчилери күз-кыш мезгилиндеги авариялык өчүрүүлөр үчүн жооптуу болорун эскертти.
Буга чейин «Түндүкэлектр» ишканасы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу электр кубаты тартыш болору күтүлүп жатканын айткан.
Өкмөт 2020-жылдын башында эле суунун аз болорун божомолдогон. Бассейиндердин көбүндө суунун деңгээли нормадан 10-12% пайызга төмөн болору күтүлүп жатканы белгиленген.
Сүрөт: RFE/ RL