Медициналык 10 кызматкер коронавирус жуктурду
- 4 года мурун
13-августка карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бишкекте жана Ош шаарында, Жалал-Абад облусунда — 2ден, Баткен облусунда-3 , Ысык-Көл облусунда-1.
6 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 23 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2991 учур катталды, алардын ичинен 2271 медкызматкер айыгып чыкты.
13-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 310 учуру катталды.
Муну бөлүшүү