Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова көз жумду
- 3 years мурун
Кыргыз эл акыны, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Гүлсайра Момунова 83 жашында дүйнө салды.
Бул тууралуу анын калемдештери кабарлады.
Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Таластын Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) районунда туулган.
1960-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун аяктаган.
Бир катар жылдары “Советтик Кыргызстан” гезитинде, “Кыргызстан аялдары” журналынын редакциясында эмгектенген.
Алгачкы ыр жыйнагы “Тилек” деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир нече поэтикалык жыйнактын, орус тилине которулган жыйнактардын автору. 1996-жылы Түркияда өткөн Ата мекенди даңктоо ырларынын эл аралык конкурсунда «Боз үй» поэмасы «Куттуу апта» медалын жеңип алган.
“ПолитКлиника” медиасынын жамааты акын жана журналист Гүлсайра Момунованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.