​Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу дарт бөлүм имараты оңдолууда

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровдун маалыматына ылайык, бул жерде 90 орундуу жаңы оорукананы ачуу үчүн оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Оңдоп-түзөө иштерин август айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Президент 12-13-августта Баткен жана Жалал-Абад облустарын кыдырат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Cүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты