​COVID-19: 304 учуру катталды. 6 бейтап каза тапты, 263 киши айыкты

  • 4 года мурун

12-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 304 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 88;
Ош – 21;

Чүй облусу – 27;
Ош облусу — 42;
Талас облусу – 7;
Нарын облусу – 1;1
Ысык-Көл облусу – 37;
Жалал-Абад облусу – 28;
Баткен облусу — 43;

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
7 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 23 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында –2981 учур катталды, алардын ичинен 2242 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 40 759 жетти.

263 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны- 33 027.

Бир сутка ичинде 6 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1484кө жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты