Беларуста президенттик шайлоо өтүүдө

  • 4 года мурун

Беларуста бүгүн, 9-августта, президенттик шайлоо өтүп жатат.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошина саат 12:00дө шайлоого шайлоочулардын жарымынан көбү келгенин билдирди.

Президентикке беш талапкер ат салышууда, арасында. 26 жыл бою өлкөнү башкарып келген Александр Лукашенко да бар. Ал быйыл алтынчы жолу катышууда. Александр Лукашенкодон тышкары Андрей Дмитриев, Анна Канопацкая, Светлана Тихановская жана Сергей Черечень ат салышууда.

Шайлоо участкалары саат 20: 00 дө жабылат. Добуштар саналгандан кийин экзитпол жарыяланат.

Фотоколлаж: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты