Колледждерге кабыл алуунун экинчи туру башталды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 7-августта, орто кесиптик билим берүү системасынын окуу жайларына кабыл алуунун экинчи туру башталды.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер КР БИМ тарабынан атайын иштелип чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системада катталышат.

Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлдү. 1-турдун жыйынтыгы боюнча 22 070 өтүнмө катталды.

Документтердин түп нускаларын студенттер ортоокуу жайларга окуу жылдын башында бериши керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты