​БШК шайлоочуларды идентификациялоо тартиби тууралуу нускаманы бекитти

  • 4 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-июлдагы жыйынында шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитти.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Токтом шайлоочулардын добуш берүүдө, ошондой эле шайлоочулар ката же так эместикти тапканда же болбосо шайлоо дарегин алмаштырганда арыз берген учурда биометрикалык идентификациядан өтүүсүн караган мыйзамдарды ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жобосу шайлоочулардын тек-жайын уникалдуу биометрикалык маалыматтар – тиешелүү база ресурсунда камтылган колдун манжаларынын жана бет түзүлүшүнүн папиллярдык чийиндери боюнча ырастоону карайт.

Нускама шайлоочулар шайлоо комиссияларына арыз берген учурда жана добуш берүүдө идентификация жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты