​Кыргызстанда улуттук антидопинг борбору түзүлдү

  • 4 года мурун

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында допингге каршы күрөшүү дирекциясы «Улуттук антидопинг борбору» түзүлдү.

Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Дирекция допингди жок кылуу максатында аны менен күрөшүп, спортто допингти колдонууга каршы иш алып барган мекеме болуп саналат.

Дирекция допинг ге каршы саясатты иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизет, дүйнөлүк антидопинг кодексинин жана Кыргыз Республикасынын антидопинг эрежелеринин аткарылышын камсыз кылат, спортчуларынын арасында таза спортту жайылтуу милдетин аткарат.

Дирекциянын уюштуруучусу мамлекеттик агенттик болуп саналат.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты