​Нарында суюк кычкылтек жеткире турган борбордук система ишке кирди

  • 4 года мурун

Нарын облустук бириктирилген ооруканасында суюк кычкылтекти стационарларга жеткире турган борбордук система курулуп, ишке берилди.

Мындай система кычкылтек концентраторлорун жана кычкылтек баллондорун алмаштыра турган жогорку сапаттагы медициналык тейлөөгө шарт түзөт.
Суюк кычкылтек менен оорукананын ангионеврология, провизор, терапия, жугуштуу оорулар, кардиология бөлүмдөрүндөгү бейтаптар камсыздалат.

Кыргызстанда жакын арада пайда болгон кычкылтек станциясын куруу үчүн мамлекет тарабынан 5 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалган. Аны “Бишкек Тех Газ” ачык акционердик коому ишке ашырды.

“Бул станция аркылуу ар бир бейтап 99 пайыз суюк кычкылтек менен камсыз болот. Мындагы кычкылтектин запасы колдонууга жараша 1-2 айга жетээри болжолдонууда”, — деп белгиледи Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков

Бул тууралуу республикалык штаб маалымат берди.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты