Укук коргоочу Азимжан Аскаров дүйнөдөн кайтты
- 4 года мурун
Укук коргоочу Азимжан Аскаров дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу укук коргоочу Төлөкан Исмаилова “Фейсбук” баракчасына жазды.
Буга чейин Азимдан Аскаровдун саламаттыгы начарлаганы айтылып, № 47 абак жайына которулган.
Жалал-Абаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылкы июнь коогалаңын уюштуруучулардын бири деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү