COVID-19: Бир суткада 921 учуру катталды. 42 бейтап каза тапты,1247 киши айыкты
- 4 года мурун
24-июлдагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 921 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 273;
Ош – 75;
Чүй облусу – 140;
Ош облусу — 91;
Талас облусу — 25;
Нарын облусу – 22;
Ысык-Көл облусу – 107;
Жалал-Абад облусу – 138;
Баткен облусу — 50.
Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 31 247 ге жетти.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
1247 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны -18 038ге жетти.
Бир сутка ичинде 42 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).
COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны -1211 (пневмонияны эсепке алганда).
Муну бөлүшүү