“Тез жардам”: Июнда 97, июлдун биринчи жарымында 1323 пневмония катталды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын “Тез жардам” кызматы соңку эки апта ичинде пневмония өтө көп катталып жатканын билдирди.

Борбор калаанын мэриясы кабарлагандай, быйыл июнь айында жардам сурап кайрылгандар арасынан жалпысынан 97 адамга пневмония деген диагноз коюлса, июлдун биринчи жарымында бул көрсөткүч 1323кө жетти.

Мэрия Бишкекте эпидемиологиялык абал өтө оор экенин, “Тез жардам” кызматында иштегендерге кыйын болуп жатканын билдирди.

1-июлдан бери 1323 адамга пневмония, 57 адамга коронавирус деген диагноз коюлуп, 840 адам ооруканага жаткырылды.

Июнь айында 5 миңден ашуун адамга ыкчам жардам көрсөтүлүп, 97синен пневмония, 325инен коронавирус табылган жана 1611 адам ооруканага жаткырылган.

Буга чейин «Тез жардам» кызматынын жумуш жүгү эпидемияга чейинки мезгилге салыштырганда төрт эсе көбөйгөнү айтылган.

Март айынан бери Кыргызстандын ооруканаларында, расмий эсеп боюнча, пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду. Клиникаларда орун жок болгондуктан көбү үйүнөн дарыланып, каза болуп жатышканы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

Ооруканада орун жок болгондуктан күндүзгү стационарлар ачылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты