​Бактыгүл Камбаралиева: “Далилденбеген дары-дармек колдонуудан сактангыла”

  • 4 года мурун

Вируска каршы натыйжасы далилденбеген дары-дармектерди пайдалануудан сактануу керек.

Бул маселени дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда 15-июлда көтөрдү.

Анын айтымында, учурда калк арасында «Арбидол», «Ингавирин», «Эргоферон» ж. б. вируска каршы дары-дармектер чоң дүрбөлөңдү жаратып жатат.

Бирок бул дарылардын натыйжалуулугу далилденбегендиктен, ата мекендик клиникалык протоколдорго киргизилген эмес.

«Ошентсе да социалдык тармактардагы жарнамалардан улам калкыбыз булар абдан натыйжалуу жана зарыл дары-дармек деп ишенип алышкан. Мындай көрүнүш баалардын 100 сомдон 700 сомго чейин көтөрүлүп кетишине шарт түздү. Бейтаптар акчасын бекер коротушууда. Бирок ошол эле учурда натыйжасын көрбөй жатышат. Бул дагы бейтаптардын биздин клиникалык протоколдорго ишенбөөчүлүгүн пайда кылып, дарыгерлер начар дарылап жатышат деп айтууларынын бир себеби болушу мүмкүн» деди Бактыгүл Камбаралиева.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты