Россиядан гуманитардык жардам келди
- 5 лет мурун
Россия коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасына гуманитардык жүк берди.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясынын бар-жогун аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилди. Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө үчүн 820 ПЧР тест-системасынын толук топтому, 24 миң изилдөөгө толук эмес 480 топтом келген.
Муну бөлүшүү