Финпол дары-дармекти кымбат саткандарды кармады
- 3 years мурун
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (финпол) дары-дармекти кымбат баада сатып жаткандарды кармады.
Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымат таратты.
Дары-дармек зарыл жана тансык болуп шартта аны сатуу лицензиясы жок жана кымбат баада сатып жаткан кишилерди кармады.
Финансы полиция кызматкерлери сынамакка бир катар дарыларды сатып алышкан. Алсак, “Клексан” 8 миңден 14 миң- сомго чейин жеткен.
Дарыны кымбат баада жана лицензиясыз саткандарга сотко чейинки өндүрүштө кылмыш иши козголду.
Сүрөт: Финпол басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү