Боронов: Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алдык

  • 4 года мурун

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстан Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алганын жана ал 3-июлда Бишкекке учак менен жеткирилерин билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта саламаттык сактоо мекемелеринде 572 ИВЛ аппарат, 610 кычкылтек концентраты бар.

«Гуманитардык жардам катары 23 ИВЛ аппаратын, 52 кычкылтек концентраторун, 30 БИПАП аппаратын, 5 СИПАП аппаратын алдык. Донорлордун каражатынын эсебинен 63 ИВЛ аппаратты жана 111 кычкылтек концентраторун сатып алабыз. Өкмөт тарабынан дагы кошумча 50 млн. сом бөлүндү. Бул акча да медициналык каражаттарды сатып алууга жумшалат».

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Түрциядан да 50 ИВЛ аппарат жана 50 кычкылтек концентраты алынып жатканын кабарлады.

1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттан 220, ал эми кычкылтек концентратынан 2003ү жетишсиз болуп жатканын билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты