Эпидемиологиялык кырдаал оор: СOVID-19дун 439 учуру катталды
- 4 года мурун
Саламаттык сактоо министрлиги белгилегендей, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оор. Ооруканадагы жаңы ачылган орундар тез толуп калууда.
Кыргызстанда 1-июлга карата бир суткада 439 кишиден COVID-19 вирусу аныкталды. Беш киши каза тапты.
Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 195;
Чүй облусу – 175;
Ош шаарында – 5;
Ош облусу – 5;
Нарын облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 24;
Талас облусу – 12;
Баткен облусу — 13
Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 5735ке жетти. 5 киши каза тапты.
Бир суткада ооруканадан айыгып 73 киши чыгарылды. Айыккандардын жалпы саны 2443 болду.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Муну бөлүшүү