19 талапкер бир мандаттуу округ боюнча шайлоого катышуудан баш тартты

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 19 арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

11-ноябрга карата бир мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондордун саны 302ни түздү.

Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:

• Баткен облусу – 37 талапкер;

• Ош облусу – 54 талапкер;

• Жалал-Абад облусу – 48 талапкер;

• Талас облусу – 14 талапкер;

• Чүй облусу – 62 талапкер;

• Бишкек шаары – 27 талапкер;

• Нарын облусу – 29 талапкер;

• Ысык-Көл облусу – 41 талапкер.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты