​Кыргыз киносунун залкары Бакыт Карагулов менен коштошуу

Кино сүйүүчүлөр, жалпы кыргыз калкы бүгүн, 28-июнда, Кыргыз Республикасынынэл артисти режиссер Бакыт Карагулов менен коштошууда.

2020-жылдын 27-июнунда 70 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, элибиздин белгилүү кинорежиссеру, сценарист, публицист, «Кыргызфильмфондусунун» директору Бакыт Карагулов катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Бакыт Карагулов 1950-жылы 12-августта Фрунзе (Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген.

1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1977-1979-жылдары Москвада Жогорку режиссердук курста атактуу режиссер Александр Миттанын өнөрканасында окуган. Анын дипломдук иши «Ээрде олтур» (1981) кыска метраждуу тасмасы болгон.

Б. Карагуловдун кинорежиссер катары алгачкы ийгилиги «Айдагы жезкемпир» (1985) толук метраждуу көркөм фильми 1985-жылы Кыргызстандын борборунда өткөн Бүткүл Союздук «Жомок» кинофестивалында атайын байгеге ээ болгон.

Бакыт Карагулов 1979-2000-жылдары тарткан «Токтогулдун урпактары», «Биринчи генерал», «Тынчы жок күндүн жылдары», «Айылдагы фабрика», «Миндаль качан гүлдөйт», «Атчандын көлөкөсү» ж. б. даректүү тасмалары менен мыкты документалист катары да таанылган.

Бакыт Карагуловдун кинематографиядагы ишмердүүлүгүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы өзгөчө орунду ээлеген. Карагулов залкар жазуучунун адабий чыгармаларын ийгиликтүү экрандаштырып, көрүүчүлөрдүн сынына: «Келгин куштун ыйы» (1990, «Бетме-бет» повестинин негизинде), «Бороондуу бекет» (1995, Берлинде эл аралык кинофестивалда алтын камерага татыктуу болгон — 1996), «Саманчынын жолу» (1996, «Саманчынын жолу» повестинин негизинде), «Найман эненин ыйы» (2004, «Кылым карыткан бир күн» романындагы «Дөнөнбай куш» уламышынын негизинде) сындуу керемет тасмаларды тартуу кылган.

2018-жылы Бакыт Карагулов Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматовдун ааламы» аттуу көп метраждуу даректүү фильмин тарткан. Ал Кинематография департаментинин коллегиясында 2018-жылдагы мыкты фильм деп таанылган.

Режиссердун соңку фильми Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналган «Менин жалгыз мекеним бар — ал Кыргызстан» деп аталган. Фильмде кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле көз карандысыздык алгандан кийин 2010-жылдагы окуяларга чейинки тарыхый окуялар чагылдырылган.

Бакыт Карагулов бир нече жылдар бою Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясын үзүрлүү жетектеген. Кыргызстан кинематографисттер бирлигинин мүчөсү болгон.

Жаркын инсан, чыгаан режиссер, сценарист, публицист Бакыт Карагуловдун жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Жээнбеков, Д. Жумабеков, К. . Боронов, А. Исмаилова, Д. . Эсеналиев, С. Шер-Нияз, К. Иманалиев, А. Жаманкулов, С. Раев, К. Базарбаев, Ж. Саралаева, Б. Жакиев, Т. Казаков, К.. Иманалиев, М. Бектеналиев, А. Акматалиев, М. Байжиев, Ж.Сейдакматова, З. Үсөнбаев, Г. Базаров, М. Мусаев, К. Абдыкулов, А.А. Абдыкалыков, А. Арым Кубат, М.Ү. Алышпаев, Г. А. Ажибекова, М.Сарулу, Р. Т. Айтматова, Э. Айтматов, А. Дайырбеков, А. Жангазиев, Б. Одуракаев, Ш. . Касымалиева, Э. Абдыжапаров, Т. Бирназаров ж. б.

Эрнест Абдыжапаров: “»Бороондуу бекет» тасмасы кыргыз киносунун классикасы катары тарыхта кала берет”

Режиссер Эрнест Абдыжапаров “Фейсбук” баракчасында Бакыт Карагуловду мындайча эскерди:

-Бакыт Карагулов узап кетти деген суук кабарды укканда, дендароо болуп көпкө дейре ишене албай турдум. 1982 жылы студент кезимде кокустан Кино үйүнө барып калган элем. Бакыт байке жаңы эле Москванын эки жылдык режиссерлор курсун бутүрүп «Удержись в седле» деген тасмасын алып келип көрсөтүп аткан экен. Комиссияда орустар болгондуктан өзү залда отуруп алып аларга тасмасын орусчага которуп берип атты. Ушунчалык так жана көркөм которгону эсимде калыптыр.

Кийин экөөбүз кесиптеш болуп калганыбызда ошол которуп отурганын дайыма эстечүмүн. Акыркы эки ирет кезиккенибизде, экөөндө тең мени эмнегедир колтуктап өзүнчө бөлүп алып «Саякбай» тасмамдын чоң философиясын баса белгилеп, суктанып кобураганы да эсимден кетпей калыптыр.

Ар бир адамдын өзүнө кана таандык өзгөчөлүгү болбой койбойт. Бакыт байкенин бир өзгөчөлүгү, адам болобу, тасма болобу, бирөөнүн кемчилдиги болобу, артыкчылыгы болобу, куйкум афоризм менен сүрөттөп коер эле. Эч качан куудулданчу эмес, күлдүрөм деп да аракет кылчу эмес, а бирок ар бир сөзүнөн кийин айланадагылар боору эзилип каткырып калчубуз. Ар бир режиссердун мыкты тасмалары болот, чабал тасмалары болот. Бакыт Карагуловдун «Бороондуу бекет» тасмасы кыргыз киносунун көөнөрбөс классикасы катары тарыхта кала берет.

Кош болуңуз, Бакыт байке! Ыйманыңыз саламат болсун! Жаныңыз жаннаттан орун алсын!-деди Эрнест Абдыжапаров.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты