Медициналык 27 кызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
• Бишкек шаарында – 7;
• Чүй облусунда – 7;
• Ош шаарында – 6;
• Ош облусунда – 3;
• Баткен облусунда – 1;
• Ысык-Көл облусунда – 3.
Ал эми стационардан бир сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 739 учур катталды, алардын ичинен 420 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.
27-июнга карата бир суткада 1 бейтап каза болду.
28-июнга карата республикада бир суткада СOVID-19 инфекциясынын жаңы 235 учуру катталды.
Муну бөлүшүү