Коронавирустан дагы бир бейтап каза тапты
- 4 года мурун
Өткөн сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан республикалык клиникалык ооруканасында 1964-жылы туулган киши каза тапты.
Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 47 кишини түздү.
28-июнга карата республикада бир суткада СOVID-19 инфекциясынын жаңы 235 учуру катталды.
Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 4748ге жетти.
Бир суткада ооруканадан 30 бейтап айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 2242ге жетти.
Муну бөлүшүү