Досалы Эсеналиевден жана дагы 8 кызматкерден коронавирус аныкталды
- 4 года мурун
Президенттик аппараттын дагы 9 кызматкеринен, анын ичинде аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден, коронавирус инфекциясы тастыкталды.
Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын инфекцияга чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду.
Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык.
Жакында президенттик аппараттын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин, бардык кызматкерлер илдетке карата анализ тапшырышты.
Муну бөлүшүү