Жээнбековдун коронавируска тапшырган анализи таза чыкты

  • 4 года мурун

Кечээ, 24-июнда, Москвадан келери менен Президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты.

Мамлекет башчынын тапшырган анализитаза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт.

Ошону менен бирге Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта обочолонуу шартында дарыланышат.

Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болууда.

23-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына барган.

Москвага барганда талапка ылайык, тест тапшырганда кыргыз делегация мүчөлөрүнүн экөөнөн коронавирус аныкталгандыгы белгилүү болгон. Ошондон улам Президент Жээнбеков Москвадагы иш-чараларга катышуудан баш тарткан.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты