Каршылыкка карабай, ЖКда «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Каршылыкка карабай, ЖКда «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жыйынына комитет төрайымы депутат Гүлхан Молдобаева алып чыкты.

Депутат Дастан Бекешев бул актуалдуу маселеби, бюджетте 13 млрд сом таңсыктык болуп жатканда мыйзам долбоорунун зарылдыгы канчалык, «Мыйзам долбоорун алып чыккандар сыйлык алабыз» деп жатасыңарбы деп суроо салды. Алар элдин нааразылыгына, каргышына калаарын билдирди.

Ушул эле жерде Батукаевдин бошотулушу туура дешкен, ал эми азыр анын коррупциялык жол менен кабыл алынганын белгилеп, мыйзам долбоорун четке кагыш керектигин белгиледи.

Депутат Наталья Никитенко да Кыргызстан сөз эркиндиги менен сыймыктанат. Бирок бул мыйзам долбоору саясий сүртүмү болгонун, цензор ким болоору, мыйзам долбоору 2-3-окууда бир кабыл алынбашы керектигин айтты.

Депутат Жанар Акаев азыр ушу тапта бул мыйзам долбооруна каршы акцияга чыккандарга чыгып жооп бере аласыңарбы деп суроо салды. Гүлшат Асылбаева ага жооп иретинде, социалдык тармактар аркылуу жооп берип жатканын, чыгып да жооп берерин билдирди.

Жанар Акаев техникалык жактан Интернетти көзөмөлдөөгө мүмкүн эместигин айтты.

Асылбаева мыйзам долбоору эркиндикти чектебей турганын белгиледи.

Депутат Максат Сабиров ушул мыйзамдын иштешинен күмөн санады. Терроризмге каршы мыйзам чыгарганбыз деди. Сабиров туура эмес маалымат берген сайтты жаап саласыңар, ушул эле да деди.

Депутат Мирлан Жеенчороев Интернет провайдерлер, АРВдин болбогону тууралуу суроо берди. Мыйзамды биринчи окууда кабыл алууда мыйзам бузулган, муну кароого киргизбеш керек экенин, күн тартибинен алынып, кайра киргизилиши керектигин айтты.

Ал мыйзам долбооруна жумшала турган каржы так булагын сурады. Каржы министрлиги кошумча каражат каралбаганын, бюджеттеги каражатын алкагында экенин, так сан жок экенин билдирди.

Марлен Маматалиев иштөө механизми, эркин сөз менен фейктин ортосунда ажыратуу жок экенин белгиледи.

Депутат Гүлшат Асылбаева сын көп айтыларын, сөз эркиндиги чектелбей турганы боюнча жооп кайтарды.

Бекешев маалымат, маданият жан туризм министрлигинин өкүлү Нуржигит Кадырбековго механизмдерди иштеп чыга аласыңарбы деп суроо салды. Кадырбеков өкмөт кайсы органга ыйгарым укук берсе, ошолор жооптуу болорун айтты.

Депутат Никитенко бул мыйзам долбооруна канча каражат кетээри эсептелбегенин, мыйзам долбоорун кабыл албаш керектигин айтты. Укуктук жагы да бар экени айтылды.

2-3-окууда бир кабыл албоо керектигин белгиледи. Коомдо көп көйгөй жаратарын да айтып өттү.

Акылбек Жапаров чындыкты айтып күрөшүп жүргөндөр эмес, бирок фейктерге каршы күрөшөрүн, сайттын жоопкерчилигин да белгиледи. Сотко чейин бул ушак же ушак эмес деп бир орган карабасын деди.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Элвира Сурабалдиева Гүлшат Асылбаева өзүнүн экономика тармагындагы фейкти издегиси келбей, социалдык тармакка ооп жатканын билдирди. Ишкер, орто бизнес ыйлап жатканын, онлайн эмес, турмуштагы фейктер менен күрөшүу керектигине кеңеш берди. «Интернетке асылган чоң шылтоо» деди Сурабалдиева.

Жанарбек Акаев саясий эркиңер болсо, артка кайтарып алгыла, мыйзам иштебейт деди. Өнүккөн, технологиялык өлкөлөр да фейктерди тыя албай жатканда, тыюу мүмкүн эмес экенин айтты. Мыйзам долбоору оппозициялык маанайдагы адамдарга чабуул коёрун кошумчалады. Башка өлкөнүн мыйзамдарын көчүрүп жазганды токтотуу керектигин да кошуп кетти.

Мыйзам долбору боюнча талкууда депутат Акаев «элдин кызыкчылыгын аткарууга парламентке келгенбиз. Бирок аларды көчөгө чыгарып жаткан мыйзамдарды талкуулап жатабыз. Элдин сынына, Интернеттеги пикирлерге чыдашыбыз керек. Сындан ооруп калгандар саясатка келбеш келбеш керек» деп айтты. Араң турган коомчулукту козгодуңар деди.

Депутат Мирлан Жеенчороев Кыргызстан 30 жыл мурун демократия аралчасы деген атка консо, бирок ушундай авторитардык мамлекеттер кабыл албаган мыйзамды кабыл алабыз деп жатышканы уят экенин белгиледи.

Мыйзам долбоору демократияга коркунуч келтирип жатканын, шайлоо алдында атайын алынган манипуляция экенин кошумчалады.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

Умбеталы Кыдыралиев техникалык маселе чечилээрин, демократия чектелбегенин атап, айрым депутаттар мыйзам долбоорун эмнеге катаалдаштырып жатканына тан калды.

Сурабалдиева Элвира милиция, доктурлар Интернеттен чындык издеп жазып жатканын, «Сөз эркиндиги-Кыргызстандын –жетишкендиги» деди.

Наталья Никитенко өкмөт, парламент сынга жооп кылып, өз ишин жакшыртуу керектигин, эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, көп зыяндарга алып келээрин айтты. Азыр коррупция тууралуу социалдык түйүндөр аркылуу айтат деди. Мыйзам долбоору ниети бузук аткаминерлерге иштээрин айтты.

Дастан Жумабеков бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен адамдын укуктары ушул жактан коргонот деди. Бул эң керектүү мыйзам деп ачык эле колдоп чыкты.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Мирлан Жеенчороев келе жаткан шайлоодо кошоматчылардан арылууга чакырды.

Депутат Жанарбек Акаев 2010-жылы эл Ак үйдү алганын, сөз эркиндигин эл көчөгө чыгып алып келгенин белгиледи.

Талаш-тартыш, талкуу, көптөгөн каршы пикирден кийин мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты