​ӨКМ: Сүлүктүдө көмүр шахтасында төрт киши газга ууланып каза болду

  • 4 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, көмүр шахтасындагы кырсык 23-июнда Сүлүктү шаарында болгон.

“Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен үч эркек жана бир аял киши газга ууланып каза болду. Жаш курагы боюнча эң кичүүсү 19, эң улуусу 73 жашта болчу.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин алты куткаруучусу тартылган. Алар каза уулангандардын сөөгүн шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасын жеткирип беришкен.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапкан жана үчөө оор жараат алган. Ошол эле жылдын 10-декабрында Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болгон.

Сүлүктү шаарында быйыл да шахтада өрт чыккан учурлар катталган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты