COVID-19: Саламаттык сактоо министрлиги жаңы алгоритм иштеп чыкты
- 4 года мурун
Коронавирустун симптомдору менен кайрылгандар көп болуп жатат. Бул маселени чечүү үчүн, саламаттык сактоо министрлиги атайын алгоритм иштеп чыкты.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
-Эгерде оорунун белгилери билинбесе, дене табы 38°С ашпаса, ал бейтап үй шартында кандай дарылануусу керектиги жазылган. Бул бейтаптар стационарга жаткырылбайт” деди саламаттык сактоо министринин орун басары Каратаев.
Ал алгоритм эрежелери элге таратылып берилет.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү