​Дагы 25 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Атап кетсек, Бишкек шаарында – 8, Чүй облусунда жана Ош шаарында – 5, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 вирусун 629 медкызматкер жуктурганы катталды, алардын 389у айыгып чыкты.

24-июнга карата республикада бир суткада COVID-19 вирусунун 207 учуру катталды. Каза тапкандардын саны 42 кишини түздү.

Айыккандардын жалпы саны 2082 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты