Өмүрбек Текебаев: «​Боке, сен жеңилбей, жеңүүчү болуп кеттиң!»

Бүгүн, 23-июнда, кыргыз эли, өзүнүн болоттой курч, чыгаан уулу, Болот Шерди Талас жергесинин Чоң-Капка айылында акыркы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай деп коштошуу сөзүн айтты.

— Бул үйдөн, бул короодон далай азаматтар чоң сапарга аттанышкан. Мен Шерниязовдор менен 90-жылдары таанышкам. Эркин Шерниязов КДКнын (Кыргызстан демократиялык кыймылы) түзүүчүлөрүнүн бири болгон.

Биз “Эркин Кыргызстан” деп азыркы “Ата Мекен” социалисттик партиясын да чогуу түзгөнбүз.

Ал кездеги муундун ыйык, бийик, жалпы бир максаты болгон. Бул – көз каранды эмес, эркин, калкы намыстуу, бакубат жашаган Кыргызстан куруу эле. 90-жылдары Кыргызстандын улуттук кайра жаралуу процесси башталган. Болот Шер дагы ушул короодон ошол чоң максаттарды ишке ашыруу үчүн аттанган. Чоң саясатка Болот Шер 2000-жылкы парламенттик шайлоодо эл өкүлдөр жыйынына шайлануу менен кирди. Болот Шер атуул катары, Жогорку Кеңештин депутаты катары улуттук духту, намысты көтөрүүгө чоң аракет кылды. Эмне үчүн?

Мамлекеттин негизи – эл. Мамлекет куруу – эл куруудан башталат. Элдин тарыхы, нарк-насили, маданияты сыймыктана турган чоң баатырлары жана тарыхый окуялары болуш керек. Ошондо элдин келечеги болот. Келечек улуу, бийик болсун үчүн элдин койгон тилеги, максаты умтулуулары дагы бийик жана таза болуш керек.

Болот Шер так ушул тарыхий жүктү өзүнө тандап алды. Болот Шер Кыргыз элинин духун көтөрүудө, анын нарк-насилин жандандырууда, жаңы улуттук мүнөздү калыптандырууда чоң эмгек кылды. Улуттук спортту, ошонун ичинен Көк-бөрүнү жандандырып, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен кыргыздын намысын көтөрүп, биримдигин күчөттү.

Акын-жазуучуларга колдоо көргөзүп, улут идеологиясын түптөөгө эбегейсиз чоң салым кошту. Депутат катары, мамлекеттик, коомдук ишмер катары бүгүнкү Кыргыз мамлекетинин калыптанышына, мыйзамдын үстөмдүүлүгү үчүн, адам укугун камсыз кылуу үчүн үй-бүлөлүк диктатурага каршы ондогон жылдар бою күрөшүп келди. 2005-2010-жылкы эки элдик революцияда өлкөдө тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактап, мыйзамдуулуктун калыбына келтирилишине чоң салым кошту.

Чамасы мамлекетти идеологиялык, руханий, маданият, намыс, дух жактан түптөө Шерниязовдордун үй-бүлөсүнө Кудайдан жүктөлгөн миссия болсо керек. Болот эле эмес, Садык Шер да кыргыз маданиятын, ошонун ичинде кыргыз киносун жаңы деңгээлге алып чыкканга жан үрөп келе жатат. Ал тарткан “Курманжан Датка” фильми биздин тарыхта сыймыктана турган инсандар болгондугун, бүгүн биз алардан үлгү алып иш жасай тургандай, өзгөчө жаштар сабак ала тургандай таберик болду.

Мына ушул үй-бүлөлүк баалуулукту, үй-бүлөлүк салтты Шерниязовдордун кичүүлөрү Баткен, Дурус да кайталап, сактап келе жатышат.

Биз Боке менен ар дайым ушул короодон чоң сапарга, чоң жүрүшкө чоң максаттарды коюп аттанат элек. 2005-жылы, 2006-, 2007-жылы, 2010- жана 2015-жылы ушул жерден бата алып, чоң жүрүшкө аттанганбыз. Биз үчүн “Манас-Ордо” менен Шерниязовдордун короосу бирдей символикалык мааниге ээ.

Бокемдин өзгөчө мүнөзү бар эле. Ал стандартуу эмес ой жүгүртүп, Инсан катары өзү да, мүнөзү да стандартуу рамкага, чекке сыйбайт эле. Ою да чеги жок, чени жок эле. Ал оор кырдаалдарда күтүүсүз сунуштарды айтат эле. Анын айткан ойлорун көпчүлүк дароо түшүнбөгөнү менен, бирок, баары Болоттун айтканындай чыгып, пландары ишке ашат эле. Бул Болоттун даанышмандыгынын, көрөгөчтүгүнүн белгиси. Болоттун айткан сөздөрү, кеңештери баары үчүн маанилүү эле. Ошон үчүн кыйын кездерде Кыргызстандын бардык саясатчылары үйүнө барып кеңешип турушчу. Болоттун үйү демократиялык, мекенчил күчтөрдүн экинчи штабы болуп калган.

Бокемдин жашап өткөн өмүрү келечек муундар үчүн үлгү боло турган баатырдын, эрдин, шердин өмүрү. Боке менен туугандары, жакын достору, жердештери гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанат.

Ал эми мен үчүн Болот саясаттагы жолдош гана эмес, биринчи кезекте Болот мен үчүн адамгерчиликтүү, жакын дос. Дүйшөн экөөбүз түрмөгө түшүп калганда, кээ бир жакын туугандар, достор, партиялаштар алыстап калышты. Ошол учурда Болот ооруп жүргөнүнө карабай (Болот өзү 2009-жылы эле инсульт болгон) партиянын желеги түшүп калбасын, партиялаштардын ындыны өчүп калбасын деп, аларга дем болуп, ооруганына карабай, партиянын офисинде эки жылдан ашык отурду. Далай иш-чараларды, массалык акцияларды өзү баш болуп, жетектеп уюштуруп өткөрдү. Биз түрмөдөн чыкканда аябай кубанды, жаш балача кубанды. Анан “эми бир аз ден соолукту карап, эс алсам болоор” деп, акыркы кездерде коомдук турмуштан бир аз алыстап калды эле. Бирок, эл үчүн, жер үчүн күйүп, манчыркаган бийлик, байлык менен теңсиз согушта күрөшүп жүргөн учурларда ден соолукка тийген залаканы ал аракети, кадамы айыктыра алган жок.

Көп адамдар көзү өткөндөн кийин да мартабалуу болсом деп, байлар менен бийлердин арасында болсом деп элиталык Ала-Арча көрүстөнүнө койсоңор, деп суранышат. Бул жерде да Болот айырмаланды. Баарына үлгү көргөздү. Өлөөрүн билгендей, жакын туугандарына “Мени Таласка алып баргыла” деп керээзин калтырыптыр.

Бокени бүгүн биз акыркы сапарга узатып жатабыз. Бул сапарга Боке жеңилбей, жеңүучү болуп кетти. Өмүрүнүн аягына чейин тутунган принциптеринде туруп, баалуулуктарды бийик кармап өттү.

Кош бол, Боке! Биз сени унутпайбыз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты