Коронавирустан 3 бейтап каза тапты
- 4 года мурун
Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Алар — кыргыз-түрк ооруканасынан 1952-жылы туулган аял, Талас аймактык ооруканасынан – 1952-жылы туулган киши, Ноокен аймактык ооруканасынан – 1960 жылы туулган киши каза болуп калды.
Жалпы каза болгондордун саны 40 кишини түздү.
Бүгүн, 22-июнга, карата өлкөдө бир суткада COVID-19 вирусунун 205 учуру катталды.
Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 3356га жетти.
Өткөн суткада айыгып, ооруканадан чыккандар 10 киши болду. Айыгып кеткендердин жалпы саны 2021 болду.
Муну бөлүшүү