Боронов: Коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал начарлашы мүмкүн

  • 4 года мурун

Коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн, ага карата даярдыкты күчөтүүнү камсыз кылуу шарт.

Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч.

118 кызматынын дараметин күчөтүү зарыл. Коомчулук тарабынан бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразылыктар түшүүдө. Эгерде жаран колл-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Колл-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш» деди ал.

Мамлекеттик лабораториялар анализдер кыска убакыттын ичинде чыгышы үчүн күнү-түнү иштөө режимине өтүүгө тийиштигин айтты. Мындан тышкары жеке лабораториялар тарабынан COVID-19 анализ алуу маселесин иштеп чыгууну белгиледи.

20-июнга карата өлкөдө бир күндө COVID-19 вирусунун жаңы 192 учуру аныкталды. Бир суткада үч бейтап каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 35 кишини түздү.

Вирус аныкталгандардын жалпы саны республикада 2981ге жетти.

Айыгып, ооруканадан чыккандар бүгүнкү күнгө 20 киши болду. Айыгып чыккандардын жалпы саны 1981ге жетти.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты