Коронавирустан каза болгондор көбөйдү
- 4 года мурун
Өткөн сутка ичинде өлкөдө 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Ош облустар аралык ооруканасында, 1961-жылы туулган аял, Кара-Суу районунда 1959-жылы туулагн киши, Түп аймактык ооруканасынан, 1958-жылы туулган киши каза тапты.
Каза болгондордун жалпы саны 35 кишини түздү.
20-июнга карата өлкөдө бир күндө COVID-19 вирусунун жаңы 192 учуру аныкталды.
Вирус аныкталгандардын жалпы саны республикада 2981ге жетти.
Айыгып, ооруканадан чыккандар бүгүнкү күнгө 20 киши болду. Айыгып чыккандардын жалпы саны 1981ге жетти.
Муну бөлүшүү