Египет, Якутия, Индиядан кыргызстандыктар кайтып келди

  • 4 года мурун

Бүгүн, 19-июнда, Египеттен — 47, Якутиядан — 170, Индиядан -10 кыргызстандык кайтып келди.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги билдирди.

26 студент жана 21 жаран буга чейин Египетке туристтик жана жеке максатта барышып, 2020-жылдын мартынан тартып мекенине кайтып келүү үчүн кыйынчылыктарга туш болушкан.

Биздин жарандар «Air Cairo» египет авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Каир шаарынан Алматы шаарындагы эл аралык аэропортуна келип, Бишкек шаарына атайын транспорт менен алынып келди.

Келгендердин баары обсервацияга алынат.

Пандемиядан улам чет өлкөдө калып калгандарды алып келүү улантылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты