ЖК басма сөз кызматынын жетекчиси коронавирус жуктуруп алды
- 3 жыл мурун
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан коронавирус тастыкталды.
Бул тууралуу ал “Фейсбук” баракчасында билдирди.
-Ушул дем алыш күнү температура болгондугума байланыштуу үйдө олтуруп иштеп жаткамын. Эртең жумушка чыгар алдында алдын ала текшерүүдөн өтсөм, доктурларым менин анализимен COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум.
Мени менен жакын контактыда болгон Жогорку Кеңештин басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанттык иш тартибине өтүүдө, -деп билдирди ал.
Муну бөлүшүү