Коронавирустан дагы бир бейтап каза тапты
- 4 года мурун
Өткөн сутка ичинде республикада 73 жаштагы киши COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Ал Алай аймактык ооруканасында жаткан.
Жалпы каза болгондордун саны өлкөдө 31 кишини түздү.
18-июнга карата Кыргызстанда бир суткада COVID-19 вирусунун жаңы 95 учуру аныкталып, жалпы саны 2657ге жетти.
Коронавирустан 32 киши айыгып, ооруканадан чыкты. Айыккандардын жалпы саны 1933кө жетти.
Муну бөлүшүү