​Жеенчороев Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча комиссия мүчөлүгүнөн чыгып кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө жагдайын териштирүү боюнча комиссия мүчөлүгүнөн чыгып кетти.

Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Депутат комиссия мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыгып жатканын айтты.

Буга чейин Жогорку Кеңеште убактылуу депутаттык комиссия жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев Айеркен Саймаити менен анын «Абдыраз» фирмасы аркылуу чыгарылган күмөндүү акчанын Кыргызстандын бюджетине тиешеси бар экенин билдирген.

Убактылуу депутаттык комиссияга кимдер кирди эле?

— СДПК — Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев, Искендер Матраимов;

— «Республика»-Ата-Журт»: Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов;

— «Кыргызстан» -Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов;

— «Өнүгүү»-Прогресс» — Тынчтык Шайназаров;

— «Бир Бол»- Алтынбек Сулайманов;

— «Ата Мекен» — Алмамбет Шыкмаматов.

Стамбулдан өлтүрүлгөн. Ага байланыштуу Стамбул шаарындагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан бошотулган.

КР Тышкы иштер министрлиги ведомстволор аралык комиссия түзүп, анын ишин текшерүүгө ала турганын кабарлаган.

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш 2019-жылы июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган.

Анда 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты