14 медицина кызматкери вируска чалдыкты
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Алардын ичинде Бишкекте – 5, Ош шаарында жана Нарын облусунда- 3, Чүй, Ош, Талас облустарында – 1 ден.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен– 474 медициналык кызматкер катталды, алардын ичинен 359 медкызматкер ооруканадан айыгып чыкты.
16-июнга карата бир суткада республикада COVID-19 инфекциясынын жаңы 100 учуру катталып, жалпы саны 2472ге жетти.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 85 жаштагы аял каза тапты. Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 28 кишини түздү.
Муну бөлүшүү