Премьер-министр Абылгазиевдин отставкасы кабыл алынды. Өкмөт отставкага кетти
- 4 года мурун
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы кабыл алынды.
Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Ошондой эле өкмөт отставкага кетти деп эсептелет.
Жарлыкка ылайык, премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, милдеттерин аткарууну өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.
Кечээ, 15-июнда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетүүгө арыз жазган.
Муну бөлүшүү