​Республикалык бюджеттин таңсыктыгы 13 млрд 352 млн сомду түздү

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Марлен Амандыков ушул жылдын беш айында республикалык бюджеттин таңсыктыгы 13 млрд 352 млн сомду түзгөнүн белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын 5 айында кирешелер 40 млрд 996 млн сом суммасына аткарылды, бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө карата 11 млрд 199 млн сомго аз. Бул мезгилдеги чыгашалар 54 млрд 348 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд 867 млн сомго көбөйгөн. 5 айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин таңсыктыгы 13 млрд 352 млн сомду түздү» деп билдирди КР финансы министринин орун басары Марлен Амандыков.

Анын айтымында, бюджеттик каражаттардын калдыгы 9 млрд 750 млн сомду түздү – бюджеттик каражаттар 5,5 млрд сом жана атайын каражаттар 4 млрд 200 млн сом.
«Бюджеттин таңсыктыгын каржылоо булактары боюнча аткарылышы 23 млрд сомду түздү. Алардын ичинен 4 млрд 700 млн сом – бул ички каражаттар жана 18 млрд 382 млн сом – тышкы булактар. Анын ичинен 17 млрд сом – бул Эл аралык валюта фондунан алынган насыя» деп белгиледи ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты