​Коомдук унаа, такси, кафе-ресторан санитардык талапты бузса, иши токтотулат

  • 4 года мурун

Коомдук транспорт, такси, кафе жана ресторандар санитардык эрежелерди бузса, жабылат.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

«Маршруттук таксиде жүргүнчүлөрдүн үчтөн бири беткап тагынса, беткапсыз түшкөндөрү дагы бар. Такси жана дүкөндөрдө деле ушундай эле көрүнүш. Кечээ жакында көп сандагы адамдардын катышуусунда ресторанда өткөрүлгөн үй-бүлөлүк иш-чара аша чапкандык. Бишкек мэриясы мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө тийиш. Коомдук унаада жана коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлүшү шарт» деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен бирге Бишкекте маршруттук таксинин 46 фирмасы, бир нече такси фирмалары текшерилип, протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Штабдын жыйынында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрмө жайлардын иши талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө эл аралык аба каттамдарын жандандыруу, чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрмө жайларды ачуу маселелерин иштеп чыгуу зарыл.

Сүрөт: Бишкек мэриясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты