​Москвадагы Жеңиш парадына он өлкө катышат

  • 4 года мурун

24-июнда Москвада өтө турган Жеңиш парадына он өлкө катышарын Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп бер учурунда билдирди.

«Азыр болжолдуу тизме бар. Парадга катышарын Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан Сербия, Хорватия, Абхазия жана Түштүк Осетия өлкөлөрү ырасташты» деди Песков.

Парадда Өзбекстандын делегациясын президент Шавкат Мирзиёев жетектеп барат деп күтүлүүдө.

Песков бир катар өлкө жетекчилерине чакыруу жөнөтүлгөнүн, ушу тапта жооп күтүп жатышканын кошумчалады.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты