​ЖК комитети орус каналдары боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 8-июнда «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Мыйзам долбоорунда Орусиянын ОРТ менен РТР каналдарынын берүүлөрүн Кыргызстандын акысыз санарип куржунунда көрсөтүү мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартууга багытталган беренелери бар. Долбоордун демилгечиси -маданият, маалымат жана туризм министрлиги.

Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында айрым депутаттар анын ичинде Наталья Никитенко, Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев ж.б. Кыргызстанда мультиплекске Орусиянын 1-каналы менен РТР каналы кирип калганына нааразы болуп, мыйзам долбоорун четке кагууну сунуш кылышкан.

Маселени күн тартибинен алып салуу жөнүндө сунуш добуш берүүгө коюлганы менен өткөн эмес, ал добуш берүүгө жиберилип, жыйынга катышкан 107 депутаттын 53ү «каршы», 54ү «макул» деп добуш беришкен. Документ биринчи окууда кабыл алынды деп табылган.

Орусиянын эки каналын ретрансляциялаш үчүн Кыргызстандын бюджетинен акча төлөнөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты