​Коронавирустан каза тапкан Айчүрөк Самакова — Карганбек Самаковдун эжеси

  • 4 года мурун

Нарында коронавирустан каза болгон Айчүрөк Самакова шаардагы 2 мектепгимназияны 1997-жылдан бери жетектеп келе жаткан. Ал — камактагы белгилүү саясатчы Карганбек Самаковдун эжеси.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими наамына татыктуу болгон. Самакова бул мекемеде жалпысынан 34 жыл иштеди.

67 жаштагы Самакова 7-июнда каза болду. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ал коронавирус жуктуруп алгандан кийин эки тараптуу пневмонияга чалдыкканын айтты:

“Бул киши да үйдө жатып алган экен. Клиникалык белгилер чыга баштаганда тийиштүү кызматтарга кайрылып, мобилдик бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылыптыр. 6-июнда Нарын облустук ооруканасынын инфекциялык госпиталына которулган. Абалы өтө курчуп, жалпы абалы начарлап, болгон мүмкүнчүлүктөр колдонулганына жана реанимациялык аракеттерге карабастан 7-июнда жүрөгү токтоп каза болуп калды. Диагноз койгондо коронавирустун эң оор түрү аныкталган. Эки тараптуу пневмония болгон, анемиясы да бар экен, кан басымы да жогорулап кеткен”.

Мектептин “Фейсбуктагы” баракчасындагы маалыматка караганда, Айчүрөк Самакова 1953-жылы 2-июнда Нарын шаарында төрөлгөн. Өзү ушул мектептен билим алган.

“1986-жылдан 1997-жылга чейин биология мугалими, директордун тарбия иштери боюнча орун басары, кийин директору болуп иштеп, өзүн изденген, талыкпаган, далай сыноодон алдыга алып кете алган уюштургуч, сезимтал жетекчи катары окуучуларынын, жамаатынын, ата-энелердин эсинде калды. №2 мектеп гимназия деген макамга ээ болуусунда, 2007-жылы «Даңк» медалын алуусунда, 2010-жылы республикада «Шаардын эң мыкты мектеби» деген наамга ээ болуусунда Самакованын эмгеги зор».

Жалпысынан 18-марттан 8-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2032 адамдан табылды, алардын ичинен 23 бейтап кайтыш болду, 1445 адам айыгып чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты